Суббота, 4 мая

Атамбаев кыргыз-өзбек чек арасы боюнча пикирин билдирди

0

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасын делимитациялоо боюнча макулдашууга баасын берди.

Ал бийликтин мындай кадамын тарыхый чечим деп атаган.

“Чек араны чечүү аракети туура болгон. Тажикстан менен мамилебизди эске алганда бул өтө чоң жана маанилүү кадам. Чынында кубандырат. Албетте, тарыхый чечим. Дагы жакшы жери коңшу өлкөнүн президенти Мирзиёев. Мен анын Кыргызстанга жана кыргыз элине болгон мамилесин билем. Муну баалашыбыз керек”, — деди Атамбаев.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз