НАТОнун эң жогорку чечим чыгаруу механизми болгон Түндүк Атлантика Кеңеши башкы катчы Йенс Столтенбергдин жетекчилигинде Түркияда чогулат.
НАТОнун жазуу түрүндө берген маалыматы боюнча, жыйын 6-7 майда Туркияда болот жана ага НАТОнун Жер Ортолук деңиз диалогунун алкагындагы өнөктөштөрү да катышат.
Жыйындын себеби Жер Ортолук деңиз диалогунун 25 жылдыгына карата болмокчу.
НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг жыйынга жетекчилик кылат жана жогорку мартабалуу түрк жетекчилер менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү да өткөрөт.