Пятница, 22 ноября

Салык декларациясын төлөгөнсүзбү?

0

Мамлекеттик салык кызматынын билдирүүсү боюнча өлкөбүздүн салык органдары 2019-жылдын 2-майына карата бузуулар жөнүндө кодекске ылайык «Бузуулардын бирдиктүү реестрине» жалпы 10,8 миллион сом суммасында салык төлөөчүлөрдүн 7 миң 766 мыйзам бузууларын каттады.

Бул мыйзам бузуулардын ичинен салык салуудан качкандыгы жана бухгалтердик эсепти бурмалагандыгы үчүн 4,6 миллион сомго 703 протокол, Бирдиктүү салык декларациясын бербегендиги жана салык төлөбөгөндүгү үчүн 3,8 миллион сомго 2 миң 410 протокол түзүлгөндүгү жана социалдык камсыздандырууга байланыштуу документтерди жана төлөмдөрдү белгиленген мөөнөттө бербегендиги үчүн 246 миң сомго 150 протокол, социалдык камсыздандыруу органдарына катталбастан, экономикалык иштерди жүргүзгөндүгү үчүн 185 миң сомго 185 протокол түзүлдүгүн салык кызматы маалымдады.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз