Суббота, 18 мая

Кемпир-Абад иши: 11 адам абакта, экөө үй камагында калды

0

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Кемпир-Абад иши боюнча эки кишинин баш коргоо чарасын өзгөртүп үй камагына чыгарса, алты адамды абакта калтырды. Бул туурасында аталган соттун маалымат кызматынан билдиришти.

Мурдагы депутат Орозайым Нарматова менен Жээнбековдо иштеген куруучу Нурлан Асанбеков үй камагында калтырылган.

Ал эми саясатчылар Бектур Асанов, Равшан Жээнбеков, Азимбек Бекназаров, коопсуздук кеңешинин экс-катчысы Кеңешбек Дүйшөбаев, активисттер Али Шабдан менен Акыл Айтбаев 20-апрелге чейин камакта отурушмакчы.

Эске сала кетсек, 24-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча нааразылыктан улам бир катар адамдарга кылмыш иш козголуп, 21 киши кармалган. Бишкекте кармалгандарды бошотуу жана суу сактагычты коңшу мамлекетке бербөө боюнча тынчтык митинги өткөн.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз