Пятница, 3 мая

Муфтият Түркиядагы жабыр тарткандар үчүн 16,4 млн сом акчалай жардам топтоду

0

Кыргызстандын мусулмандар жамааты Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган боордошторго моралдык да, материалдык да колдоо көрсөтүүдө.

Кечээ, 16-февраль күнү КР ДИМК директору Тойгонбай Абдыкаров, Муфтийдин орун басары Самидин кары Атабаев жана Бишкек шаарынын мусулмандарынын казысы Шакир ажы Маматовдор Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган баштаган элчилик кызматкерлерин зыярат кылып, зилзалада набыт болгон маркумдарга багыштап Куран окушту. Бул тууралуу Муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда өлкөбүздө боордош Түркиядагы зилзаладан жабыр тарткандар үчүн жардам топтоо иштери кызуу жүрүп жатканы жана КМДБ дагы четте калбай, кырсык катталган күндөн тарта боордош түрк элине жардам көрсөтүү иштерин колго алганы айтылды. Имамдардын күжүрмөн аракети менен элден 16 417 294,25 (он алты миллион төрт жүз он жети миң эки жүз токсон төрт) сом акчалай жардамдар топтолуп, бирдиктүү мамлекеттик эсепке которулганы айтылды.

Белгилей кетсек, бир тууган түрк элине моралдык колдоо катары ушул кезге чейин мечит-медреселерде 46 260 пара Куран жана 4444 жолу салават айтылып, дубалар кылынган. Учурда да тынымсыз Куран хатм кылуу, дуба кылуу, салават айтуу сыяктуу руханий өнөктүк жүрүп жатат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз