Пятница, 17 мая

Бишкекте жаңы автобустар каттамга чыкты. Кайсы багытта жүрөт?

0

Бишкек шаарында бүгүн, 17-февралдан тарта 120 жаңы автобустун 1 партиясы, тагыраагы 50 автобус каттамга чыкты.

Мериядан билдиришкендей, бүгүндөн баштап бекитилген маршруттар боюнча №38, 42, 48 жаңы автобустар жүргүнчүлөрдү тейлейт.

Жаңы автобустар учурдагы маршруттук линиялар боюнча төмөнкү каттамдарда:

№ 38 автобус каттамы (Аламүдүн-1 кичирайон — 110 квартал) шаардын батыш жана чыгыш тарабын камтыйт, узундугу 37,4 км, аралыгы 7 мүнөт. 19 автобус бөлүнгөн.

№42 автобустук каттам (12-кичирайон – Ала-Тоо конушу) шаардын түштүк жана батыш тарабын камтыйт, узундугу 49,6 км, аралыгы 7 мүнөт. 19 автобус бөлүнгөн.

№ 48 автобус (Батыш автобекети — Чыгыш автобекет (айланма)) узундугу 18 км, аралыгы- 7 мин. 14 автобус бөлүнгөн. №214 каттамдагы 42 кичи автобус алмаштырылат.

Калган автобустар жакынкы аралыкта каттамдарга чыгарылат.

Эскерте кетсек, буга чейин Бишкек шаарынын мэриясы Кытайдан сатып алынган газ менен жүрүүчү 120 жаңы автобусту каттамдарга бөлүштүргөн.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз