Пятница, 17 мая

Өлкөдө турак жайлардын курулушуна көзөмөл күчөтүлөт

0

Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров кезектеги өткөрүлгөн жыйында эки жумалык мөөнөттө курулуш тармагын реформалоо программасын киргизүүнү тапшырды.

Жыйындын күн тартибинде 12 маселе каралып, добуш берүү электрондук форматта өттү.

Атап айтканда,  Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин иши каралды.

Мында Министрлер Кабинетинин башчысы өлкөнүн аймагынын сейсмикалык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен курулуш тармагын реформалоо боюнча Программанын долбоорун кароого киргизүүнү тапшырды.

Жыйындын жүрүшүндө ошондой эле мамлекеттик органдардын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүү маселеси да каралды.

Министрлер Кабинетинин башчысы чет өлкөлүк сапарлардын максатка ылайыктуулугун кылдат талдоо жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

«Өлкөдөн тышкаркы бардык сапарлар тышкы саясатты жүргүзүүчү ведомство менен макулдашылышы керек. Ар бир сапардын жыйынтыгы боюнча саякат мамлекеттин эсебинен, же чакырган тараптын эсебинен уюштурулганына карабастан, сапардын жыйынтыгы боюнча отчет берүү зарыл. Бул маселе ведомство жетекчилери тараптан катуу көзөмөлгө алынышы тийиш”, — деди Акылбек Жапаров.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз