Түркиядагы катуу жер титирөөдөн каза болгон жарандардын саны 41 миңден ашты. Бул тууралуу өлкөнүн Табигый кырсыктардын кесепетин жоюу боюнча башкармалыгы (AFAD) билдирди.
Соңку маалыматтар боюнча, 41 020 адам мертингени аныкталган. Издөө-куткаруу иштерине жалпысынан 19 436 куткаруучу тартылган.
Ал эми Сирияда набыт болгондор 5800гө жеткен.
Эскерте кетсек, 6-февралда таңда Кахраманмараш провинциясында магнитудасы 7,7, тогуз сааттан кийин дагы 7,6 баллга жеткен жер титирөө катталган. Эпкини коңшу мамлекеттерге да тийип, жер Сириянын Алеппо, Латакия, Хама жана Тартус провинцияларында да силкинген. Издөө-куткаруу иштерине көмөктөшүү үчүн Кыргызстандан 170 куткаруучу барган. Турак жайсыз калгандар баш калкалап турушу үчүн 120дан ашуун боз үй да жөнөтүлгөн.