Суббота, 4 мая

Кыргызстандык куткаруучулар эртең Түркиядан кайтып келишет

0

Кыргызстандын ӨКМинин куткаруучулары Түркиядан эртең, 21-февралда, кайтып келишет. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Куткаруучуларды алып келе турган учактар «Манас» аэропортуна саат 2:35те жана 9:00дө конот. Түркиянын Кахраманмараш жана Хатай шаарларында Кыргызстандан барган 170тен ашык куткаруучулар, медиктер жана психологдор иштеди. Алар тобу менен 7-февралдан тарта жөнөй баштаган. Мындан тышкары, Кыргызстандын бийлиги Түркияга гумжардам дагы жөнөттү.

ӨКМ кызматкерлерин салтанаттуу түрдө тосуп алууну пландап жатат.

Соңку маалыматтар боюнча, кыргызстандык куткаруучулар уранды алдынан 12 тирүү адамды жана 185 сөөктү алып чыгышкан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз