Пятница, 3 мая

Быйылкы ажылык сапарга каттоо башталды

0

Бүгүн, 20-февралдан тартып ажылыкка барууну каалаган жарандарды электрондук каттоо башталды. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирет.

2023-жылы жаңыдан ажылыкка барууну каалаган талапкерлерди каттоо  ID-карт паспортунун негизинде 20-февралдан 6-мартка чейин жүргүзүлөт.

Маалыматка ылайык, жаңы талапкерлер 1000 АКШ доллар жана кайтарымсыз 1000 сомду төлөп, КМДБнын түзүмүндөгү облустук, шаардык Казыяттарга жана райондук Хатибияттарга, РСК Банкына төлөнгөн алгачкы 1000 АКШ долларынын квитанциясын жана каттоого тиешелүү иш кагаздарды тапшыруусу зарыл. Талапкерлер 1000 АКШ доллар жана кайтарымсыз 1000 сом төлөбөй туруп каттала алышпайт.

Толук маалымат алуу үчүн:
Тел: 0778 48 61 67, 0558/0708 48—61—67
Тел/факс: 0312 48—61—67
Э-почта: muftiyat.hajj@mail.ru

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз