Суббота, 4 мая

Түркияда кайрадан жер титирөө болду. Каза болгондор бар

0

Кечээ Түркиянын Сирия менен чектешкен Хатай провинциясында эки ирет жер титиреди. Бул тууралуу “Анадолу” агенттиги кабарлайт.

“Жер биринчи ирет түркия убактысы боюнча саат 20:04тө силкинип, күчү 6,4 баллга жеткен, экинчи жолу саат 20:07де титиреп, күчү 5,8 баллга жеткен. Жер титирөөнүн очогу Дефне жана Самандаг райондорунда болгон”, — деп айтылат маалыматта.

Агенттиктен белгилешкендей, жаратылыш кырсыгынын кесепетинен Түркиянын үч жараны каза болду.

Жердин силкинүүсү коңшу провинцияларда, ошондой эле Сирия, Ливан, Иордания, Ирак, Палестина жана Израил өлкөлөрүндө сезилген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз