Пятница, 3 мая

Кыргызстандык куткаруучулар Түркиядан кайтып келишти

0

Бүгүн, 21-февралда Кыргызстандык куткаруучулар кайтып келишти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Бир нече адамдын өмүрүн сактап калган каармандарды «Манас» аэропортунан туугандары, жакындары, кесиптештери, активисттер жана Түркиянын Кыргызстандагы элчиси тосуп алды. Алар кирип келе жатканда Улуттук гвардиянын оркестри музыка ойноп, күткөн эл кол чаап турду.

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев аман-эсен кайтып келген куткаруучуларды куттуктап, аткарган иштерин жогору баалады. Ошондой эле ал зилзала болгон аймакта алардын сегиз адамды уранды алдынан тирүү алып чыгып, 198 кишинин сөөгүн таап чыгышканын белгиледи.

«Табигый кырсыктан жапа чеккен түрк элине жардам берүүгө 182 адам жөнөтүлгөн. Анын ичинде 6 дарыгер, боз үй тигүүчү 5  киши болсо, калганы ӨКМдин куткаруучулары», — деди министр.

Ал эми салтанатка катышкан Түркиянын Кыргызстандагы элчи Ахмет Садык Доган куткаруучулардын жардамы баалуу болгонун баса белгилеп, ыраазычылыгын айтты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз