Суббота, 4 мая

Бишкекте мыйзамсыз объекттерге мунапыс жарыяланышы мүмкүн

0

Бишкектин аймагындагы мыйзамсыз объекттерге мунапыс жарыяланышы мүмкүн.

«Бишкекбашкыархитектура» мекемесинин башчысы Урмат Карыбаев Жогорку Кеңештин тармактын комитетинде билдиргендей, Бишкекте мыйзамсыз курулган 34 объект бар.

“Учурда комиссия түзүлүп, мыйзамдаштыруу процесси жүрүүдө. Бул көп кабаттуу турак жайлар жана коомдук имараттар. Биз мунапыстын долбоорун даярдап, министрлер кабинетине кароого жөнөттүк”, — деди ал.

Карыбаев белгилегендей, мындай тенденция көп өлкөлөрдө бар.

«Биз Москва шаарындагы долбоордун аналогун алдык, ал жерде дагы ушундай жагдайлар бар, тагыраак айтканда, уруксат документтери жок эле курулуш иштери башталат. Ал жерде деле курулуш компанияларына объекттин документтерин бүтүрүү үчүн мөөнөт берилет. Дагы бир вариант бар – ал сотко кайрылып, соттун чечиминен кийин бул объектилерди ишке кабыл алуу», — деп маалымдады ал.

Өз кезегинде, Мамкурулуш агенттигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөл департаментинин директору Талантбек Иманакун уулу белгилегендей, мунапыс курулуш стандарттарына жооп берген объектилерге гана колдонулат.

“Бул бир жолку мунапыс акциясы болот. Андан соң мыйзамсыз объектилерди куруп жаткан курулуш компанияларына карата конфискациядан тарта лицензиясынан ажыратууга чейин чаралар көрүлөт”, — деди ал.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз