Баткенде аскер кызматкери кокусунан атылган октон каза тапты

0

Баткендеги чек ара отрядында аскер кызматкери кокусунан атылган октон каза тапты. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

Алдын ала маалымат боюнча, кырсык куралды этиятсыздык менен колдонуунун кесепетинен болгон.

“Нөөмөт учурунда 26 жаштагы аскер кызматкери З.Ж. кокусунан АК-74 автоматынан ок чыгарып алып, 21 жаштагы У.Б. аттуу жоокердин мойнуна тийген. Медициналык жардам көрсөтүп, өз убагында облустук бириккен ооруканасына алып барып өмүрүн сактап калууга жасалган бардык чараларга карабай аскер каза болуп калды”, — деп айтылат маалыматта.

Окуя болгон жерге Аскер прокуратурасынын Баткен гарнизонунун өкүлдөрү чыгып кетишкен.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз