Вторник, 7 мая

Байдендин Украинага болгон табышмактуу сапары

0

Акыркы 15 жылдан бери биринчи жолу америкалык президент Украинага келди.  Күтүүсүз сапары менен келген Жо Байден 20-февралда Киевде Украин президенти Владимир Зеленский менен жолугушту. Байдендин сапары жөнүндө алдын ала айтылган эмес.

Анын сапары күтүүсүз болду, анткени Ак үйдүн жарыялаган графигине ылайык, Байден Польшага шейшемби күнү эртең менен келиши керек болчу жана Украинанын аймагына визити таптакыр пландалган эмес.

Бирок Киев Байдендин сапарын “жашыруун” жана “күтүлбөгөн жерден” катары көрсөтсө да, Ак үй “жаңжал кырдаалын болтурбоо үчүн” сапардын алдында бир-эки саат мурун Москваны маалымдар кылганын моюнга алды.

Байдендин айтымында, ал атайын Украинадагы атайын аскердик операциянын бир жылдыгынын алдында украиндерге «демократияны, аймактык бүтүндүгү менен көз карандысыздыгын толук колдой турганын» көрсөтүү максатында келген.

АКШнын президентинин Киевге сапары Ак үйдүн, Пентагондун жана Жашыруун кызматтын катышуусунда бир нече ай бою пландалганын Байдендин коопсуздук маселелери боюнча кеңешчисинин орун басары Жон Финер билдирди.

«Бул сапар бир нече ай бою кылдат пландалган, ага Ак үйдөгү бир нече кеңселер, штаб башчыларынын комитети, Улуттук коопсуздук кеңеши, ошондой эле Пентагондогу жана Жашыруун кызматтагы аз сандагы кесиптештер катышкан», -деди ал брифингде.

Финер ошондой эле сапарды даярдоого америкалык чалгынчылар да катышканын кошумчалады.

Жо Байден Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолугушуусунан кийин өткөргөн биргелешкен маалымат жыйынында Украинага жаңы 500 миллион долларлык  жаңы аскердик жардам пакетин билдирди.

Байден украин өкмөтүнө жарандадын негизги муктаждыктарын камсыз кылууга жардам берүү үчүн жароо колдоно ала турган  миллиарддаган долларларды кыйыр бюджеттик колдоо менен камсыздай тургандарын айтты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз