Пятница, 17 мая

Бишкекте коомдук унаада жоголгон буюмдар үчүн бюро ачылды

0

Мындан ары коомдук транспортто буюмун жоготкондор атайын жайга кайрыла алышат.

Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментине коомдук транспорттон буюмдарын жоготкон же тапкан шаардыктар көп кайрылышууда. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Ушул себептен, департамент тарабынан шаардыктар кайрыла турган табылгалар бюросун уюштурган.

Эгерде Сиз коомдук транспортто бир нерсени жоготуп же таап алсаңыз, анда азыр шаар боюнча тигил же бул маршрутту издөөнүн кажети жок, төмөндө көрсөтүлгөн телефон номерлери боюнча кайрылып, арыз калтыруу жетиштүү болот, бул издөөнү бир топ жеңилдетет.

Арызда унутулган, табылган нерсени деталдуу сүрөттөп, маршруттун номерин, ордун жана убактысын көрсөтүү керек.

Урматтуу шаардыктар! Кайрылууларды төмөнкү дарекке калтырсаңыздар болот: 7-апрель көчөсү 4а же болбосо төмөнкү Whatsapp-номерлерге кайрылсаңыздар болот:

— 0 (502) 20 52 02 – кичиавтобустарда;
– 0 (990) 30 60 76-троллейбустарда;
– 0 (700) 46 56 60-автобустарда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз