Воскресенье, 5 мая

Жапаров кыргызстандыктарды Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктады

0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-февралда, кыргызстандыктарды Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунда төмөнкүдөй айтылат:

«Кымбаттуу мекендештер!

Сиздерди Мекен коргоочулар күнү менен чын дилимден куттуктайм.

Бул күндү салт болуп калгандай эле аскер кызматкерлери гана эмес, көкүрөгүндө Мекен деген аруу сезим жашаган жамы журтубуз жалпы өлкө боюнча белгилешет.

Биз бул күнү Ата Мекенин коргоодо курман болгон кыргызстандыктардын эрдиктерин даңазалап, аларды сыймыктануу менен эскеребиз. Ошондой эле азыр да өлкөбүздүн тынчтыгын, бейпилдигин сактоого дайым даяр турган ардагерлерибизге ыраазычылык билдиребиз.

Кыргызстандын бардык коргоочуларына башыбызды ийип, таазим кылабыз.

Нечендеген кылымдарды карыткан кыргыз элинин тарыхы Мекенин жоодон коргогон баатырлардын айтып бүткүс эрдиктери менен коштолот. Алар Ата Журтуна берилүү менен ак кызмат кылуунун улуу өрнөгү катары бүгүн да, келечекте да кыргыз урпактарынын жүрөгүндө жашайт, демине дем берип, күчүнө күч кошот.

Бүгүнкү күндө элибиздин улуу жетишкендиги — өлкөбүздөгү туруктуулук, тынчтык жана биримдик!

Күжүрмөн даярдыктын деңгээлин жогорулатуу, аскердик техника менен курал-жарактын жаңы түрлөрүн алуу, ошондой эле аскер кызматчыларынын жана алардын үй-бүлөлөрүнүн социалдык абалын жакшыртуу аркылуу Куралдуу күчтөрүбүздүн дараметин мындан ары да өркүндөтүүгө өзгөчө көңүл бурулууда.

Урматтуу Мекен коргоочулар жана ардагерлер!

Ар бир адамга өз үй-бүлөсүн ар кандай кыйынчылыктардан коргоосу ар-намыс болсо, эч нерсеге алмашкыс Ата Мекен үчүн тикесинен тик туруп берүүсү — ыйык милдет болуп саналат.

Сүйүктүү Кыргызстаныбызды көздүн карегиндей сактоодо берген антыңарга бекем туруп, аскердик милдетиңерди мындан ары да жогорку жоопкерчилик менен аткарасыздар деп ишенем!

Эл-жерине ак кызмат кылуунун үлгүсүн көрсөтүп келаткан согуштун жана Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлерине, аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрүнө терең ыраазычылык билдирем.

Жалпы Мекен коргоочуларды бүгүнкү майрамы менен дагы бир жолу куттуктайм.

Сиздерге чың ден соолук, кажыбас кайрат, бийик дем-күч жана үй-бүлөлүк бакыт-таалай каалайм.

Жергебизде ар дайым тынчтык жана бакубатчылык болсун!»

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз