Воскресенье, 5 мая

Мээрим Жуманазарова менен Айпери Медет кызы Египетте коло медаль жеңди

0

Кыргызстандык спортчулар Мээрим Жуманазарова менен Айпери Медет кызы Египетте өтүп жаткан Ibrahim Moustafa эл аралык мелдешинде коло медаль утту. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) сайтында айтылат.

Эки спортчу кыз-келиндер күрөшү боюнча мелдештин 1/8 финалынан баштап катышты. Балбандар алгачкы кармаштарын ийгиликтүү баштаганы менен финалга чыга алышкан жок. Коло үчүн кармашта Жуманазарова (68 кг) америкалык Александрия Юнис Глодду 2:1 эсебинде жеңди.

Белгилей кетсек, Египеттеги эл аралык мелдеште кыз-келиндер күрөшү боюнча Айсулуу Тыныбекова алтын, грек-рим күрөшү боюнча Сыймык Махмудов (63 кг) жана Раззак Бейшекеев (67кг) коло медаль уткан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз