Воскресенье, 5 мая

Кыргыз-кытай чек арасында жер титирөө катталды

0

Бүгүн, 27-февралда таңкы саат 05:58де Кыргызстан менен Кытайдын чек арасында очогунда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу КР Сейсмология инстутунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Кыргызстан менен Кытайдын чек арасындагы Какшаал-Тоо тоо кыркаларында, тагыраагы Таш-Короо айылынан түштүк-чыгышка карай 50 км, Эчкили-Таш айылынан туштүк-чыгышка карай 55 км, Кургак айылынан түштүк-чыгышка карай 58 км, Эңилчек айылынан түштүк-чыгышка карай 60 км, Кең-Суу айылынан түштүк-чыгышка карай 60 км жана Каракол шаарынан түштүк-чыгышка карай 130 км аралыкта жайгашкан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз