Суббота, 18 мая

Рамазанда миллиондогон муктаждар Түркиядан гумжардам алышат

0

Түркиялык гуманитардык түзүмдөр дүйнө жүзүнүн баардык булуң-бурчунда кайрымдуулук акцияларын өткөрүүнү пландаштырышууда.

Түркиянын гуманитардык уюмдары Рамазан айында муктаждарга жардам берүү боюнча салтка айланып калган кампаниясына даярдык көрүү иштерин аякташты.

«Анадолу» агенттиги маалымдагандай, мусулмандар үчүн ыйык Рамазан айында Түркиядан таратылуучу гуманитардык жардамдар дүйнө жүзүнүн баардык булуң-бурчундагы мусалмандарга таркатылат. Түркиялык Адамдын укугу менен эркиндигин коргоо жана гуманитардык жардам фонду (INN) дүйнөнүн 120 өлкөсүндөгү үч миллион адамга гуманитардык жардам берүүнү пландаштырууда.

İHH кызматкерлери мурдагы жылдардагыдай эле кийим-кечектерди, азык-түлүктөрдү таратып, ифтар өткөрөт жана жетим-жесирлерге өлкө аймагында жана анын сыртында акча каражатын беришет. Негизинен гуманитардык ишмердүүлүк бейпилдик жок, айрыкча Сирия, Судан, Йемен, Газа сектору, Бангладеш, Ирак, Чыгыш Түркстан жана Мьянманын Аракан штатында жүргүзүлөт.

Ыйык Рамазан айында İHH Түркиянын 81 провинциясында ифтарларды да өткөрөт.

Баардык каалоочулар атайын фонддун эсебине 150 лир (25,16 АКШ доллары) которуу менен чет өлкөдөгү бир баланы кийиндире алат. Фонддун кызматкерлери кийим-кечектерди дүйнөнүн 43 мамлекетиндеги 67 920 жетим балдарга таратып беришет.

Мындан тышкары Рамазандын 15-күнү белгилене турган Бүткүл дүйнөлүк жетимдер күнүнө карата Стамбулга ар кандай иш чараларга катышуу үчүн дүйнөнүн 14 өлкөсүнөн 50гө жакын жетим балдар чакырылат. Ошону менен катар эле түркиялык Sadaka Taşı кайрымдуулук коому Рамазан учурунда 500 миң адамга жардам берет.

Мусулмандар үчүн ыйык айда мындай гуманитардык акцияларды Түркиянын башка да ондогон өкмөттүк эмес түзүмдөрү өткөрүшөт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз