Суббота, 23 ноября

Актөбөдө «Бессмертный полк» акциясы уюштурулбайт

0

Казакстанда Актөбө шаардык администрациясы Жеңиш күнүнө карата жыл сайын өткөрүлчү «Бессмертный полк» жөө жүрүш акциясын өткөрүүдөн баш тартты. Бул тууралуу шаардык администрациянын сайтында маалымдалды.

Бул жылы жүрүштү өткөрбөө себептерин шаардык администрация төмөндөгүчө түшүндүрдү.

Биринчиден, жыл сайын мындай акция өткөрүлгөндөн кийин жүрүштө колдонулган ардагерлердин сүрөттөрү шаардын ар кайсы жерлерине, анын ичинде урналарга ташталып жатат деген даттануулар болгон.

Экинчиден, шаардык бийлик мындай жөө жүрүштөр коомдук транспорттук тыгындарга себеп болоорун жана мындай тыгын шаардын башка тургундарына ыңгайсыздык алып келээрин айтууда.

Үчүнчүдөн, шаардык администрацияга тиешелүү жүрүштү өткөрүү тууралуу арыз келип түшкөн эмес. «Мындай жүрүштөрдү өткөрүү үчүн шаардык тиешелүү органдарга иш чарадан 10 күн алдын арыз менен кайрылуулары керек эле. Бүгункү күндө мындай арыз келип түшкөн жок», — деп билдирди шаардык бийлик.

Акыркы жылдары буга окшогон иш-чараларды өткөрүү солгундап баратат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз