Понедельник, 6 мая

Теңгиз Бөлтүрүк президентке кечирим сураган кат жолдоду

0

«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун мурдагы тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүк президент Садыр Жапаровго кат жолдоп, андан кечирим сурады. Бул тууралуу анын жактоочусу Кайсын Абакиров «Фейсбуктагы» баракчасына жарыялады.

Ал кетирген катачылыктары үчүн Садыр Жапаровдон кечирим сурап, жардам берүүсүн өтүнгөн. “Кумтөрдөгү” системалашкан коррупцияны толук жок кылууга алы жетпегенин, бирок өзү бул схемага аралашпаганын жазган.

“Жумасына 75-80 саат иштесең да, баары бир “Кумтөрдүн” жана улуттук холдингдин (ред: – “Улуу көчмөндөр мурасы”) иштерин, кесиптештерди жалгыз көзөмөлдөгөнгө үлгүрбөдүм”, – деп жазылган катта.

Бөлтүрүк “өзүнө ишеним көрсөтүлсө, кызматташууга, өкмөттөгү кимдир бирөөгө тоскоолдук кылып жатса, Канадага чыгып кетүүгө даяр экенин” айткан.

Башкы прокуратура “Кумтөрдү” 2022-жылдын августунда текшере баштаган жана жалпысынан үч кылмыш иши козголгон. Анын алкагында Тенгиз Бөлтүрүк баштаган айрым кызматкерлер сентябрда камалган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз