Пятница, 17 мая

Кыргызстанда ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун күндөрү өтөт

0

Кыргызстанда ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун күндөрү өтөт. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутовдун ТҮРКСОЙ уюмунун баш катчысы Султан Раев менен болгон жолугушуусунда белгилүү болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө Султан Раев түрк тилдүү мамлекеттердин орток маданиятын даңазалаган эл аралык уюмдун негизги максаты түрк элдеринин жалпы материалдык жана маданий баалуулуктарын сактоого жана өнүктүрүүгө багыт алганын белгилөө менен, ТҮРКСОЙ уюмунун түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына арналып жатканын билдирди.

Ошондой эле ал өз сөзүндө уюмдун 30 жылдыгына карата мамлекеттик деңгээлде бир катар иш-чаралар өтө турганын белгилеп, министр Алтынбек Максутовго иш-чаралар планы долбоору менен тааныштырды.

Өз кезегинде Алтынбек Максутов мындай эл аралык маанидеги түрк дүйнөсүнүн маданиятын даңазалаган иш-чараларды колдоого ала тургандыгын , ошондой эле аны жогорку деңгээлде уюштуруп өткөрүү боюнча даярдыктарды көрөөрүн маалымдады.

Маалыматтар боюнча ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун күндөрүн уюмга мүчө өлкөлөрдө жана анын чегинен сырткаркы мамлекеттерде да өтө турганы айтылды.

Алдын ала маалыматтар боюнча, иш-чаралар планынын алкагында маданияттын бардык тармактарын камтыган эл аралык программа даярдалмакчы.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз