Суббота, 27 июля

Бишкекте заманбап мектеп ачылды (Видео)

0

Бишкекте Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун колдоосу менен 480 окуучуга ылайыкталган «Эрудит» мектеп-гимназиясы ачылды. Бул тууралуу фонддун төрагасы Артем Новиков социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, мектепте заманбап жабдуулары менен класстар, спорттук зал, искусство студиясы, санарип китепкана жана ашкана бар.

Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду тарабынан мектеп-гимназиянын курулушуна 3 млн 570 миң доллар жеңилдетилген насыя берилген.

«Бул мектеп жана бул жерде сунушталган концепция фонддун жана КР билим берүү органдарынын колдоосу менен ишке ашырыла турган жаңы социалдык долбоорлорду калыптандырууга негиз болот деп ишенебиз. Бүгүнкү күндө мамлекет билим берүү тармагын реформалоого жана өнүктүрүүгө чоң көңүл бурууда. Эрудит колдонгон алдыңкы ыкмалар жана программалар мамлекеттик деңгээлде суроо-талапка ээ болот деп ишенебиз», — деп жазган ал.

Новиков белгилегендей, анын фонддогу ишмердүүлүгү башталгандан бери дээрлик 9 млн долларга 29 билим берүү долбоору каржыланган. Бүгүнкү күндө бул тармактагы долбоорлор фонд үчүн артыкчылыктуу мүнөзгө ээ.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз