Пятница, 17 мая

Тазабек Икрамов президенттин кортежине нааразы (Видео)

0

Бүгүн, 1-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тазабек Икрамов Бишкектин жолдорундагы тыгын маселесин көтөрдү.

Анын айтымында, эртең менен жана кечинде унаа тыгындары пайда болот.

«Бул маселе чечилип калса жакшы болмок. Балким, кортеж адамдар жумушка келгенге чейин жана алар кеткенден кийин, жок дегенде, саат 20.00дө чыкса жакшы болмок. Жогору жакта отургандар жолду тосуп, ыңгайсыздык жаратууда”, — дейт Тазабек Икрамов.

Белгилей кетсек, күн сайын эртең менен Бишкектин Манас проспекти менен президенттин кортежи өтөт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз