Понедельник, 6 мая

Орусиядан чочулаган Финляндия чек арасына тосмо кура баштады

0

Финляндия өлкөнүн чыгышындагы Орусия менен чектеш Иматра өткөрмө пунктунун эки тарабына үч чакырым узундуктагы тосмо куруу иштеринин башталганын жарыялады.

Финляндиянын Чек ара кызматынын билдирүүсүндө, аталган тосмону ишке ашыруунун пилоттук баскычта экени кабарланды.

Токойду тазалоо иштеринин кечээ башталганы белгиленген билдирүүдө: «Иматра өткөрмө пунктунун эки тарабына үч чакырымдык тосмонун курулуш иштери башталды. Март айында жол куруу жана тосмо орнотуу иштери жүргүзүлөт. Андан соң техникалык көзөмөл системасы курулат. Пилоттук ишке киргизүүнүн июнь айынын аягына чейин бүткөрүлүшү күтүлүүдө», — деген сөздөр камтылды.

Билдирүүдө өкмөт тарабынан аталган долбоорго бөлүнгөн каражаттын 70 чакырымдык тосмо үчүн жумшалары айтылды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз