Пятница, 3 мая

Коронавирус кетип, амеба келди

0

АКШнын Флорида штатында  бир киши мээ жеген амебадан улам каза болду.

Флорида штатынын Шарлотт округунун саламаттыкты сактоо адистери жабырлануучунун мурун синустарын крандагы суу менен жуугандан кийин жуктурушу мүмкүн экендигин билдиришти.

Мамлекеттик саламаттыкты сактоо мекемесинин катчысы Джэ Уильямс абал тууралуу саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин «ыктымалдуу байланыштарды белгилөө жана керектүү чараларды көрүү үчүн жергиликтүү мамлекеттик кызматтар менен бирдикте иштеп жаткандыгын» билдирди.

Амеба адатта, бассейндер, көлдөр жана көлмөлөр сыяктуу жылуу, тузсуз сууда жашайт.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз