АКШ президенти Дональд Трамп Газанын Израил тарабынан бомбалануусун колдоорун билдирди.
Твиттердеги баракчасына Израилди колдоп жазган билдирүүсүндө Дональд Трамп: “ Дагы бир жолу Израил Хамас жана Исламдык Жихат терористтик уюмнун ракета ракета чабуулуна дуушар болууда. Израилди өз жарандарын коргоо маселесинде 100 пайыз колдойбуз”, — деген билдирүү жазды.
Газа калкына да кайрылуу жолдогон Трамп: “Израилге каршы бул терористтик аракетиңер силерге кайгыдан башка нерсе алып келбейт. Зордук-зомбулук көрсөтүүнү, күч колдонууну токтоткула жана тынчтык үчүн аракеттенгиле, ошого жетишиңер мүмкүн”, — деди.