Учактын өрттөнүп кетүүсү конуу учурунда күйүүчү майдын багынын тешилгендигинин айынан болуусу ыктымал.
Мындай билдирүүнү Росавияция кызматы таратты. Адистердин айтуусу боюнча учак тешилген күйүүчү майдын багынан улам өртөнүп кеткен. Себеби учак жерге катуу конгон. Күбөлөрдүн айтуусу боюнча конуу учурунда учак «чегирткедей секирген». Мындай катуу секириктин натыйжасында, күйүүчү майдын багы тешилген.
Ал эми учактын командиринин айтуусу боюнча, абада учака чагылган тийгендиктен учактын көптөгөн электр жабдуулары иштен чыккан.
41 кишинин өлүмүнө себеп болгон бул кырсык боюнча кылмыш иши козголду.
Эксперттер учакта өрт өчүрүүчү системалары иштебей калгандыгына да көңүл бурууда.