Пятница, 3 мая

Бүгүндөн баштап жол эрежесин бузгандар үчүн жаза катаалдашты

0

Кыргызстанда бүгүндөн баштап жол эрежесин бузгандарга салынчу айып пулдун өлчөмү көбөйдү.

Эреже сактабаган айдоочуларга жазаны катаалдаштыруу мыйзамына президент Садыр Жапаров кол коюп, күчүнө кирди.

Эң башкысы — мас абалында унаа башкаргандарга мурдагыдай 17 500 сом айып салбай, дароо эле айдоочулук күбөлүгүн бир жылга жокко чыгарат. Дагы кайталанса үч жылга рулга отуруу укугунан ажырайт.

Мындан башка да айрым эреже бузуулар үчүн айып пулдун көлөмү кыйла жогорулады. Мисалы, буга чейин каршы тилкеге чыкканы үчүн айдоочуга 5500 сом айып салынса, эми 15000 сом төлөйт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз