Суббота, 4 мая

Түркия Кыргыз элинин жардамына ыраазы

0

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Ведомствонун маалыматына караганда, элчи бир тууган түрк элине президент Садыр Жапаровдун, КР ТИМ башчысы Жээнбек Кулубаевдин жана Кыргызстан элинин атынан Түркияда 2023-жылдын 6-февралындагы көптөгөн адам өмүрүн алып кеткен кыйратуучу жер титирөөгө байланыштуу көңүл айтты.

Өз кезегинде министр М. Чавушоглу түрк элинин башына оор сыноо түшүп турганда көрсөткөн жардамы жана колдоосу үчүн Кыргыз Республикасына терең ыраазычылыгын билдирди, ал эми бул эки өлкө элинин ынтымагын дагы бекем чыңап, кыргыз-түрк мамилелеринин жаңы барагын ачты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки жактын тең кызыгуусун туудурган эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтык боюнча маселелердин жоон тобун талкуулашты. Түрк мамлекеттер уюмунун алкагында тараптардын өз ара аракеттенүү пландары кеңири талкууланды.

Дипломаттар ошондой эле эки тараптуу соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү жана тереңдетүү, анын ичинде Кыргыз-Түрк өнүктүрүү (инвестиция) фондун түзүү маселесин, ошондой эле Кыргыз Республикасына түрк инвестицияларын тартуу жана түрк компаниялары менен кыргыз тараптын ортосундагы талаштуу учурларды чечүү маселелерин талкуулашты.

Жолугушуунун соңунда тараптар эки тараптуу жана көп тараптуу мамилелердин күн тартибиндеги бардык маселелери боюнча пикир алмашып жана убакытты такташып туруу үчүн мындан аркы үзгүлтүксүз байланыштар тууралуу макулдашышты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз