Четверг, 9 мая

Тесланын унааларына байланыштуу даттануулар көбөйүүдө

0

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Улуттук Жол кыймылынын коопсуздугу башкармалыгы (NHTSA) электр унаа өндүрүүчүсү Tesla компаниясынын жол тандабас үлгүсүндөгү унааларына түшкөн даттануулардан кийин иликтөө баштады.

NHTSA тарабынан жасалган билдирүүдө, Тесланын Model Y жол тандабас унааларынын айдап баратканда рулунун түшүп калганы боюнча эки арыздан кийин текшерилгени белгиленди.

Иликтөөнүн болжол менен 120 миң 2023 үлгүсүндөгү унааны камтыганы белгиленген билдирүүдө эки арызда тең унаалардын рулду жана колду бириктирген болтсуз кардарларга жеткирилгени ортого салынды.

Арыздарга байланыштуу документтер бөлүшүлгөн NHTSA веб-сайтында эки унаанын тең аз аралык жүргөндүгү жана жакында эле сатылып алынганы көрүнүп турат.

NHTSA ошондой эле Tesla унааларынын капыстан тормоздолушуна байланыштуу арыздарды иликтеп жатканын жарыялады.

Февраль айында Тесла «Толук автономдуу айдоо» программасындагы мүчүлүштүктөн улам жол эрежесин бузду деген даттануулардан кийин болжол менен 363 миң унааны чакыртып алууга аргасыз болгон.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз