Понедельник, 6 мая

ЖК депутаты кызыл жаян болуп мушташты (Видео)

0

Октябрь райондук милициясы Бишкек шаарындагы кафелердин биринде 12-мартта эки жарандын ур-тепкиге алынышы тууралуу үн катты.

Маалыматка караганда, милицияга Д.А. аттуу жаран кайрылып, 12-мартта саат 03:30 чамасында Элебаев көчөсүндөгү ресторандардын биринде аны белгисиз адам сабаганын билдирген. Натыйжада жабырлануучу Улуттук госпиталга кайрылган. Анын башынан жаракат алганы аныкталган.

Учурда аталган окуя боюнча териштирүү иштери башталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Милициядан белгилешкендей, учурда окуянын катышуучулары такталып, иликтөө иштери уланууда.

Эскерте кетсек, 12-мартта социалдык тармактарда кафелердин биринде эки адам ур-тепкиге алынганы тартылган видео тараган. Жабыркаган адамдар ыкчам чара көрүү тобунун кызматкерлери экени айтылууда. Ал эми, алардын бирөөсүн ур-тепкиге алган адам Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров экени белгилүү болгон.

Окуя боюнча комментарий алуу үчүн депутат Абиров менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз