Пятница, 3 мая

Ысык-Көлдү таштандылардан тазалоо иштери башталат

0

Өзгөчө кырдалдар министрлиги жана ыктыярчылар Ысык-Көлдү таштандылардан тазалоо иштерин баштайт. Бул туурасында аталган ведомствонун тараткан маалыматында айтылган.

Бул иштерди ӨКМге караштуу Суучулдарды даярдоо жана суу астындагы техникалык иштерди жасоо борборунун адистери жасай турганы айтылды.

«Суучулдар атайы бекитилген планга ылайык тазалоо ишин жуманын иш күндөрү жүргүзүп отуруп, көлдүн бардык акваториясын камтуу алдында турушат. Ошондой эле суучулдардын катарында

Бул иштерге быйыл Түркиядан алып келинген «Дельта» катери колдонуларын да билдиришти.

Аталган катер саатына 40 чакырым жүрөрүн жана ичине 10 суучул шаймандары менен батарын айтышты.

«Суучулдарда буга чейин мындай техникалык мүмкүнчүлүк жок болгондуктан издөө жана куткаруу ишинде ыкчам аракет көрүүдө бир кыйла кыйынчылыктарды жаратып келген. Ал эми аталган катерди Кыргызстанга берүү боюнча ӨКМ жетекчиси Бообек Ажикеевдин Түркия мамлекетине болгон иш сапарында макулдашылган», — деп билдиришти министрликтен.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз