Суббота, 23 ноября

Кербенде оорукана өрттөнүп жатат (Видео)

0

Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Кербен шаарынын Уметалиев көчөсүндө жайгашкан оорукананын имараты өрттөнүп жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, жеринде төрт өрт өчүрүүчү бөлүм иштеп жатат.

Учурда кызматкерлерди жана бейтаптарды эвакуация иштери жүргүзүлүүдө.

Саламаттык сактоо министрлиги  өрттөнүп жаткан оорукананын имаратынан 134 бейтап эвакуацияланганын маалымдады.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова Жалал-Абад облусуна жөнөп кетти.

Жеринде облустук саламаттык сактоо боюнча координатору көзөмөл жүргүзүп жатат, акыркы маалыматы боюнча, оорулуулар башка бөлүмдөргө которулуп, эвакуацияланды, жабыркагандар жок.

«Тийиштүү ич-чаралар жүргүзүлүп жатат. Жалпысынан төрт бөлүмдөн 134 бейтап эвакуацияланды», — деп айтылат билдирүүдө.

https://youtube.com/shorts/PsiSqt5FVPw?feature=share

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз