Эми Бишкектен Антальяга түз учууга болот

0

15-марттан тарта Анталья – Бишкек – Анталья туруктуу аба каттамы ачылат. Бул тууралуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Каттамдарды түркиялык SouthWind Airlines компаниясы ишке ашырат. Учактар абага жумасына эки жолу: жума жана жекшемби күнү көтөрүлөт.

Белгилей кетсек, SouthWind Airlines жарандарды ташуу боюнча Түркиядагы жаш компания. Ал жүргүнчүлөргө болушунча арзан тарифтерди сунуш кылат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз