Суббота, 18 мая

Ушул жума Түркиянын улуттук электромобили сатыкка чыгат

0

Түркиянын Тогг унаасынын чыдамсыздык менен күтүлгөн сатуу процесси башталууда.

Өнөр жай жана технология министринин орун басары Мехмет Фатих Кажыр, Тоггдун ушул аптада сатыкка чыгарын жарыялады.

Кажыр: «Тогг дүйнөдөгү эң ийгиликтүү электр унаа бренддеринин бири жана көптөгөн технологиялык демилгелердин жаралышына себепчи болот»,-деди.

Тоггдун сатыкка чыга турган биринчи үлгүсү C сегментиндеги жол тандабас болот.

Ал эми тизме баасы жакында коомчулук менен бөлүшүлөт.

Тоггдун Бурса Гемликтеги өндүрүш базасында 29-октябрда массалык өндүрүш башталган. Жылдын аягына чейин 20 миңдей автоунаа чыгарылат. Алдыга коюлган максат 2030-жылга чейин 1 миллион унааны тапшыруу.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз