Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген кезектеги маегинде ачкачылык жарыялаган «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун мурдагы тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүктүн жубайы жана ККМге байланышкан суроолорго жооп берди.
Ал Кумтөр иши боюнча он чакты адам камакта отурганын белгиледи.
«Камалгандардын баары чыгымды ордуна коюп коюшсун. “Бир топ сумма кайтарылды” деп бир апта мурда башкы прокурор айтып жатты эле. Толук кайтарып коюшсун. Андан кийин укук коргоо жана сот органдары үй камагына чыгаруу маселесин карашса керек. Буларды түрмөдө чирители деген эч кимдин ою жок», — деди президент.
Буга чейин Теңиз Бөлтүрүктүн ден соолугу кескин начарлаганы айтылган. Мындан улам анын жубайы дарыланууга чыгарышын талап кылып ачкачылык жарыялаган.
Белгилей кетсек, Башкы прокуратура «Кумтөр голд компани» ишканасын текшергенден кийин үч кылмыш ишин козгоп, коррупциялык схемадан улам мамлекетке 1 миллиард сом өлчөмүндө зыян келтирилгенин аныктаган. Мындан улам жетекчиси Теңиз Бөлтүрүк 13-сентябрда кармалып, учурда тергөө абагында отурат.
Андан мурда Эсеп палатасы «Кумтөр голд компани» ишканасынан финансылык алешемдиктерди таап чыккан.