Пятница, 19 апреля

Өзбек аскерлери чек араны бузуп кирдиби? (Видео)

0

Кыргыз-өзбек чек арасын Өзбекстандын чек арачылары кесип өттү деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу КР УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 12-мартта Баткен облусунун Сай айылынын Жалпак-Таш жергесинде У.Н. аттуу жергиликтүү тургун өзбекстандык чек арачылар Кыргызстандын аймагына кирип кеткенин айтып, аны видеого тарткан.

“Чек арада чыр-чатакты алдын алуу максатында Айдаркен багытындагы чек ара өкүлдөрү Өзбекстандын Сох багытындагы чек ара өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүштү. Жолугушуунун жыйынтыгында Өзбекстандын чек арачылары Кыргызстандын аймагына кирбегени жана чек ара линиясына жакын аймакта кароо жүргүзүп жатканы аныкталган. Ошондой эле чек арачылар жергиликтүү тургун менен жолукканда өзүнүн ыйгарым укукарынан чыккан эмес”, — деп айтылат маалыматта.

Тараптар чек арага жакын аймактардагы тургундар арасында түшүнбөстүк жаралбашы үчүн мындан ары чек арачылардын кыймылы тууралуу маалымдап туруу боюнча макулдашууга жетишти.

Ошондой эле жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда кадастрдык кызматтардын жетекчилеринин деңгээлинде дагы бир жыйын өткөрүү чечими кабыл алынды. Мындан тышкары, калк арасында түшүндүрүү иштери күчөтүлөт.

Ал эми Сай айылынын Жалпак-Таш жергесинин видеого тарткан тургунуна окуя боюнча түшүндүрмө берилген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз