Воскресенье, 24 ноября

Министр Анкарада мекендештер менен жолукту

0

Жолугушуу убагында Министр Айдарбеков, мекендештердин көйгөйлөрүн жана жетишкендиктерин угуп ар бир маселени чечүүгө аракет кыла тургандарын айтты.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков Түркияга расмий сапар менен барды. Сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Элчилик имаратында мекендештер менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуу убагында Министр Айдарбеков, мекендештердин көйгөйлөрүн жана жетишкендиктерин угуп ар бир маселени чечүүгө аракет кыла тургандарын айтты.

Мекендештер эң негизги көйгөйдүн Кыргызстандан Түркияга иштегени келген айымдардын толук маалымат албастан келип алып ар түрдүү кыйынчылыктарга туш болуп жатканы экендигин бир ооздон айтышты. Ошондой эле чет өлкөдөгү Кыргыз жарандарынын балдарынын паспорт алуу мөөнөтүнүн 3 жылдан 5 жылга чыгарылышы боюнча пикирлерин билдиришти.

Суроолорго жооп берген Айдарбеков, Түркияга жумуш менен келе тургандардын жумуш виза акысын азайтуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөнүн жана Түркиянын тышкы иштер министри менен жолугушуусунда келишимге кол кое тургандарын маалымдады. Ал эми Түркияда өздөрүнүн бизнесин жүргүзүп, бутуна турган мекендештерди көргөнүнө кубанганын жана анын ичинен ашкана иштетип жаткан жарандар менен ар түрдүү жагдайларга туш болгон атуулдардын маселелерин чечүү жаатында тыгыз иштеше тургандарын айтты.

Түркияда клам көбөйүп бара жаткан жарандарыбыздын башын бириктирүү жана ар түрдүү маданий иш-чараларды өткөрүп туруш үчүн бирдиктүү коом түзүү жана мурда жабылып калган коомдун кайрадан ачылышы боюнча пикирлерин айтышты. Элчи Кубанычбек Өмүралиев, бул маселени ар дайым көтөрүп бул боюнча сүйлөшүү жүргүзүп жаткандарын кошумчалады. Пайда болгон маселелерди чечүү үчүн бул жакта жүргөн жарандардын жапа-тырмак көмөктөшүүлөрү керектигин, анткени кандай маселе болуп жатканын канчалык жазсак дагы көрбөгөндөр анчалык түшүнө албагандыктан чече алышпаганын, маселени өз ордунда чечүүгө аракет кылуу керектигин айтышты.

Жолугушуунун аягында мекендештер жаш министрдин жасап жаткан иштерине ыраазычылык билдиришип, ийгилик каалашты. Министр дагы Ыйык Рамазан айы менен мекендештерди куттуктап, аман-эсен болууларын тиледи.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз