УКМКнын мурдагы жетекчиси Мурат Суталинов абактан бошотулду.
Бишкек шаардык соту Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы башчысы Мурат Суталиновду ден соолугуна байланыштуу абактан бошотуу чечимин кабыл алды.
Сот залынан бошотулган Мурат Суталинов Апрель окуясы үчүн элден кечирим сурап, бүгүнкү сот чечимин күтпөгөнүн айтты:
«Кыргыз элиме ыраазычылыгымды билдирем. Мени көп кишилер колдоду. Көп кишилер кечиришти. Рахмат. Эми канча калса, туура жашашым керек. Мен жабыркагандардын энелеринен соттон да кечирим сурагам. Азыр да сурап жатам, моралдык күнөөмдү азыр да сезем. Бирок ошол трагедиялуу окуяны токтотконго күчүм жеткен эмес. Азыр да кечирим сурайм бүткүл кыргыз элимен», — деди Суталинов.
Муратбек Суталиновдун саламаттыгы начарлап кеткенине байланыштуу аны эркиндикке чыгаруу маселеси жарым жылдан ашуун убакыттан бери каралып келатат. Ленин райондук соту 15-февралда аны эркиндикке чыгаруудан баш тарткан чечим чыгарган.
Дарыгерлер Суталинов өсмө оорусуна чалдыкканы жана дарты өтүшүп кеткенин белгилеп келишет. Ал 2010-жылдагы апрель окуясындагы кан төгүүгө байланыштуу айыпталып, 20 жылга соттолгон.