Суббота, 27 июля

Мэр: Бишкек кыргызча сүйлөшү керек

0

Бишкек мэри Эмилбек Абдыкадыров мыйзам боюнча көрүнүктүү маалыматтар (көрнөк-жарнактар) адегенде мамлекеттик тилде, андан кийин расмий тилде болушу керектигин, бирок буга жетиштүү көңүл бурулбай жатканын айтты.

Мэриянын маалымат кызматы Бишкек шаарындагы мамлекеттик тилдин абалы талкууланганын билдирди.

Жыйында Абдыкадыров баяндама жасап, райондук администрация башчыларынын мамлекеттик тил боюнча аткарылган иштери боюнча отчет берген.

Мамлекеттик тилди өнүктүрүүдөгү башкы максат көп улуттуу шаардыктарды мамлекеттик тилди билүүгө, ал тилде окуй, жаза, өз оюн айта, сүйлөй билүүсүнө жетишүү экенин белгилеген. Мындай милдет-талапты ар бир мекеме-ишканалар, шаардыктар, кызматкерлер түшүнүүгө жана аткарууга тийиш экендигин айткан.

Андан сырткары, калаадагы айрым тил көйгөйлөрүнө токтолгон.

Калаа башчысы көчөдө, имараттарда илинген жан кейитерлик котормолорго да токтолгон.

«Кээде расмий тилде же чет тилде гана жазылган учурлар көп кездешет. Айрыкча так эмес, тантык, чалагайым котормолорго жол берилген. Ошондой эле шаардагы көрнөк-жарнактардын абалына бир топ дооматтар да айтылууда», — деп кошумчалаган ал.

Мамлекеттик тилди колдонууга жана өнүктүрүүгө жалпы шаардыктар, өзгөчө мекеме-ишканалардын, билим берүү, илим жана маданият уюмдарынын жетекчилери, андагы кызматкерлер өзгөчө көңүл бурууга, камкордук көрүүгө милдеттүү экендигин баса белгилеген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз