Четверг, 25 апреля

Салык кызматы: Жарандар мүлк салыгы боюнча маалыматтык эсеп бериши керек

0

Мамлекеттик салык кызматы мүлк салыгы боюнча маалыматтык эсептерди толтуруу жана салык органына тапшыруу зарылдыгын эскертет.

МСКнын билдирүүсүнө караганда, 1-апрелге чейин юридикалык жактар, 1-майга чейин жеке жактар мүлк (транспорт, турак же турак эмес жай, жер) салыгы боюнча маалыматтык эсептерди берүүгө тийиш.

Маалыматтык эсепти эки жол менен тапшырууга болот: Salyk.kg «жеке кабинети» аркылуу электрондук түрдө же салык органына баруу менен кагаз түрүндө, ошондой эле тапшыргандыгы жөнүндө кабарлоо менен тапшырык кат аркылуу почта менен жөнөтүүгө болот.

Маалыматтык эсепти өз убагында бербегендиги үчүн жеке жактарга 3 миң сом, юридикалык жактарга 13 миң сом өлчөмүндө административдик айып салынат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз