Четверг, 25 апреля

Бишкекте 150-200 киши катышкан митинг өттү

0

Бүгүн, 17-мартта Бишкек шаарындагы Горький сейил багында массалык баш аламандык уюштурууга даярдык көргөн деген айып менен камакта жаткан активисттер менен саясатчылардын жакындары кайрадан митингге чыгышты.

Акцияга болжол менен 150-200 киши катышууда. Акциянын башында Аксы окуясында каза болгондорго багышталып куран окулду.

Митингдин катышуучулары Кемпир-Абад иши боюнча 20дан ашык адам мыйзамсыз камалганын айтып, аларды бошотууну талап кылышууда.

Активист Атай Бейшембектин апасы Роза Калиева бийлик өкүлдөрүнө кайрылып, адилеттүү чечим чыгарууну өтүндү.

Акцияга катышкан мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун Кемпир-Абад иши боюнча активисттердин камалышын саясий куугунтук деп атады.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз