Среда, 24 апреля

Гаага соту Путинди кармоого ордер чыгарды

0

Гаагада жайгашкан Эл аралык кылмыш соту Орусиянын президенти Владимир Путинди кармоого уруксат берди. Сот Путин аскердик кылмыш жасап, элди күч менен депортациялап, мажбурлап башка жака көчүргөн деп шек санайт.

Мунун менен катар Гаага соту Украинанын Орусия басып алган аймагынан балдардын чет өлкөгө чыгарылышын геноцидке теңеди.

Путиндин басма сөз кызматы болсо, Орусия Гаага сотун тааныбай турганын эске салып, ал соттун мындай чечими эч нерсеге жарабай турганын маалымдады.

Ал эми Украинанын прокуратурасы, Гаага сотунун чечимин колдоп, мындан ары башка өлкөлөрдүн жетекчилери Орусиянын президенти менен жолугушуудан мурда ойлонушаарын айтты. Украинанын президентинин кеңсесинин башчысы Андрей Ермак болсо, “бул башталышы гана” деген пикирин билдирди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз