Среда, 24 апреля

Түркияда 6-февралдагы жер титирөө тууралуу китеп жарык көрдү

0

Түркия президентинин Коммуникация башкармалыгы тарабынан Түркияда 6-февралда болгон очогу Кахраманмарашта катталган жер титирөөлөр тууралуу «Кылымдын апааты: 2023-жылдын 6-февралындагы Кахраманмараш жер титирөөлөрү» аттуу китеп басылып чыкты.

Таййип Эрдоган кириш сөзүн жазган китепте, «кылымдын апааты» деп сыпатталган жер титирөө апаатынын алгачкы учурунан баштап Түркиянын бүтүндөй мамлекет жана улут катары аймактагы кесепеттерди жоюу үчүн таштаган кадамдары, жасаган иштери камтылды.

Түрк, англис жана араб тилдеринде даярдалган китеп «2023-жылдын 6-февралында болгон Кахраманмараш жер титирөөлөрү», «Кылымдын апаатын түшүнүү», «Жер титирөөдөн кийинки издөө-куткаруу иштери», «Апаат байланышы жана жалган маалымат менен күрөшүү», «Жер титирөөдөн кийинки тилектештик» жана «Жер титирөөдөнки курулуш жана калыбына келтирүү иштери» деп аталган 6 бөлүмдөн турат.

Табигый кырсыктан кийин аймакта ыкчам координацияда иштеген топтор менен бирге эл аралык жардам чакырыгына жооп берип Түркияга келген эл аралык издөө-куткаруу топторунун иштери түшүндүрүлгөн китепте, жалпы биримдик жана тилектештиктин мааниси баса белгиленди.

Китеп президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде кечээ өткөрүлгөн «Түрк мамлекеттеринин мамлекет башчыларынын кезексиз саммитинде» делегациянын лидерлерине жана мүчөлөрүнө берилди.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз