Пятница, 22 ноября

Орусияда Фольксвагендин бардык активдери тоңдурулду

0

Автоунаа өндүрүүчүсү GAZ 2022-жылдын августунда Volkswagen Group (VW) кызматташтыгын токтоткондон кийин немис ишканасына каршы сотко кайрылган.

«Коммерсант» гезитинин кабарына караганда, GAZ кызматташтык аяктагандан кийин 15,6 миллиард рубль (190 миллион евро) чыгымга учураган. Доону караган орус соту да 17-мартта ГАЗдын пайдасына чечим чыгарып, Фольксвагендин Орусиядагы бардык активдерин тоңдурду.

Батыш өлкөлөрүнүн Москвага киргизген санкцияларынан кийин Volkswagen Орусиядагы ишин токтоткон. ГАЗ буга чейин Нижний Новгороддогу заводунда VW үчүн унааларды чыгарчу.

Ал арада Фольксваген Москванын түштүгүндөгү жылдык 225 миң унаа чыгарган Калугадагы ишканасын сатууга аракет кылып жаткан. Заводдогу өндүрүш 2022-жылдын март айында токтотулган.

Өткөн жылы Фольксваген Орусияда 42 миңдей унаа жана 1500 коммерциялык унаа саткан. Volkswagen Groupтун сатуусу 2021-жылга салыштырмалуу 80 пайызга кыскарган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз