Четверг, 18 апреля

Түркияда жер титирөөлөрдө каза болгондордун саны 50 миңден ашты

0

Түркиянын Кахраманмараш провинциясында болгон жер титирөөлөрдө каза тапкандардын саны 50 миң 96га жетти.

Кахраманмараштын Пазаржык жана Элбистан райондорунда 6-февралда болгон 7,7 жана 7,6 баллдык жер титирөөлөр «кылымдын апааты» деп сыпатталган.

Табигый кырсык жана чукул кырдаалдарды башкаруу башкармалыгынын (AFAD) төрагасы Юнус Сезер, 11 облусту чоң кыйроого учураткан жер титирөөлөрдөгү акыркы абал тууралуу маалымат берди.

Сезер, жер титирөөлөрдө каза болгондордун санынын 50 миң 96, жаракат алгандардын санынын 107 миң 204 болгонун белгиледи.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз