Пятница, 19 апреля

Орусия орусча билбеген мигранттарга айып пул салат

0

Орусиянын Ички иштер министрлигинин миграция маселеси боюнча башкы башкармалыгынын жетекчиси Валентина Казакова Орусияга иштегени келген мигранттарга “тил рейтингин” киргизүүнү сунуштады. Ага ылайык мигранттарга орус тилин билүүсүнө жараша рейтинг берилет. Эгер мигрант орусчаны жакшы өздөштүрбөсө анда ага айып пул салынат.

Муну менен катар Орусияга барбай туруп өз өлкөсүндө орус тили, тарыхы жана Орусиянын мыйзамдары тууралуу атайын курстан өткөндөргө жогорку рейтинг берилет. Эгер Орусияга баргандайн кийин мигранттын тил рейтинги көтөрүлбөй турган болсо, анда ал ай сайын мамлекетке атайын акча каражатын төлөп турат. Эгер мигрант бир жылдан кийин деле орус тилин өздөштүрө албаса, анда анын төлөмдөрүнүн көлөмү да көбөйөт. Тагыраак айтканда, Валентина Казакова мигранттарды “рубль менен тарбиялаш керек” экенин айтты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз