Четверг, 21 ноября

Мамлекеттин ички карызы 100 млрдга жакындады

0

Январь айынын аягында (Финансы министрлигинин соңку маалыматы) мамлекеттик ички карыздын көлөмү 95 миллиард 660,5 миллион сомду түздү.

Ачык маалымат булактардагы сандарга баам алсак, бул өлкөнүн тарыхындагы рекорддук көлөм болуп саналат.

Буга чейинки рекорд былтыркы жылдын аягында коюлган, анда ички карыз 94 миллиард 132,5 миллион сом болгон. Белгилей кетсек, жыл ичинде (2022-жылдын январь айынын аягынан бери) ички мамлекеттик карыз 71,8 миллиард сомдон 23,8 миллиард сомго көбөйгөн.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз